Бүгүн, 11-мартта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.
«Кыргыз элинин өз заманынын татыктуу, мыкты, сыймыктуу уулу, эң көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык саясий ишмери, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары, үч жолку Ленин орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу, ар бир жасаган иши, ар бир кылган кызматы — баарыбыз үчүн өрнөк! Ал – Мекенге ак кызмат кылуунун бийик үлгүсү. Мына ошондуктан, урматтуу агайын-туугандар, сиздер менен жапатырмак чогулуп жарык маанайда, жакшы саамалыкта жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын»,- деди президент Жапаров.
Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал Кыргызстандын келечекте эгемендүү мамлекет катары өнүгүшүнө экономикалык, социалдык жана маданий зор салым кошкон.
Садыр Жапаров өз сөзүндө Турдакун Усубалиев өзү туулуп-өскөн Кочкор аймагында анын эстелигин орнотуу — мамлекеттик жана коомдук ишмер, өмүрү өрнөк болгон адамдын арбагын эскерүү жакшылыктын жышааны экенин белгиледи.
Турдакун Усубалиевдин эстелиги атайын буюртма аркылуу Екатеринбург шаарындагы Иван Дубровин аттуу атактуу эстелик куюучу устанын цехинен 1000 жылдык кепилдиги менен жогорку сапаттагы колодон 1,3 тонна салмакта куюлуп келген.
Эстелик менен постаменти сапаттуу материалдан. Ал заманбап технология менен курулуп, бул аны жер титирөө жана башка табигый кырсыктарга туруктуу кылат.
Эстеликтин бийиктиги 2,7 метр, жалпы постаменти менен жерден бийиктиги 8,7 метр.
Ошол эле жерде Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Алардын арасында Турдакун Усубалиевдин жакындары да бар. Кочкор районунун тургундары өздөрүнүн көйгөйлөрүн билдиришти. Анын ичинде жеке мүнөздөгү да.
Президент Садыр Жапаров аларды угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.