Бул жолку Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүгү биринчиден административдик ресурс колдонулган жок. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчысы саясий эркин көрсөтүп, мамлекеттик кызматкерлер шайлоо процессине таасирин тийгизишкен жок.
“Себеби, бул мамлекет башчыбызыдын саясий эрки. Шайлоо башталаардын алдында президентибиз мамлекеттик кызматкерлер эч бир шайлоочуга дагы, шайлануучуга дагы таасирин тийгизбей турганын айткан. Бардыгын эл өзү чечсин, кандай парламент келсе, биз ошол парламент менен иштешүүгө даярбыз деген.
Экинчиден добуш сатуу, сатып алуу деген маселеге да мамлекет башчыбыз өзүнүн саясий эркин көрсөтүп, элди да, талапкерлерди да мыйзамсыз иштерге аралашпоого чакырган. Алсак, мыйзам бузган айрым талапкерлер шайлоого катышуудан четтетилип, айып пулдар да салынды”,- дейт окумуштуу.
Ошондой эле 30 жылда бузулуп калган шайлоо өнөктүгү акырындап оңолуп келе жатканын кошумчалады.



