7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артыкбаев Сауд Арабия Падышалыгынын элчисин кабыл алды

550

Кечээ, 8-июлда Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим Абдулрахман Аль-Радини кабыл алды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын маселелерин жана эки тараптын тең кызыкчылыгын туудурган бардык тармактары боюнча өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

«Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, министрликтер аралык саясий кеңешмелерди, Кыргыз Республикасынын жана Сауд Арабия Падышалыгынын өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун өткөрүү, түз аба каттамдарын ачуу маселелери козголду. Эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду»,-деп берилет маалыматта.

Соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө жана Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды таратууга өзгөчө басым жасалды.

Белгилей кетсек, Артыкбаев Сауд Арабиясынын Өкмөтүнө медициналык жабдыктар жана жеке коргонуу каражаттарын камтыган 500 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү Covid-19 коронавирусуна каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

551