7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арзыбек Кожошев менен Алексей Оверчук жолугушуп, эки тараптуу маселелерди талкуулашты

648

Москва шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу жана приоритеттүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө басым транспорт, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба тармагындагы мындан ары өз ара аракеттенүү, Евразия экономикалык биримдигинин форматында интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелерине коюлду.

Ошондой эле тараптар Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүнүн укуктук макамын жана Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмесинин болжолдуу мөөнөттөрүн талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

649