7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асел Чынбаева: Балдарды тарбиялоо ата-энелер тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат

695

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен КРнын Омбудсмени Атыр Абдрахматова балдардын маселелери менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Асел Чынбаева белгилегендей, бүгүнкү күндө жалпы балдар, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар менен күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу зарыл.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл бүгүнкү күндө балдарды тарбиялоо көйгөйлөрү ата-энелерден өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын, анткени ар бир бала өзү өскөн чөйрөдөн көз каранды экенин баса белгиледи.

“Ар кандай курактагы балдар ата-энесинин сезимдерин кабыл алышат, эгер чоңдордун мамилесинде гармония болбосо, бул тигил же бул балага таасир этет, кээде өзүн өзү өлтүрүү сыяктуу терс кесепеттерге алып келет”, — деп белгиледи Асел Чынбаева.

Ал ошондой эле бул жолугушуунун маанилүүлүгүн жана балдардын кызыкчылыгы үчүн мындан аркы кызматташуунун зарылдыгын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

696