7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асел Ногойбаева Биринчи айымга ыраазычылык билдирди

236

Мурдагы күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган Асел Ногойбаевага дагы операция жасалды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

Анын айтымында, жакынкы аралыкта ага дагы үч жолу операция жасалат, ошондой эле пландан тышкары операция да болушу мүмкүн. Асел кесилген кулагы менен мурду калыбына келе электигин, ошондуктан ал өзүнө өзү донор болуп жатканын айтып, Биринчи айым Айгүл Жапаровага ыраазычылык билдирди.

“Кырсык болгон күндөн бери, биринчи айым Айгүл Жапарова мени жана менин үй бүлөмдү ар дайым колдоп келет. Россиядан дарыгерлер менен сүйлөшүп мени табыштаган. Өз көзөмөлүнө алып, жүзүмдүн калыбына келишине салымы чоң. Биздин дарыгерлерге да таазим. Ушул сыноонун аркасынан көптөгөн жакшы адамдарды кезиктирдим жана элимдин айкөлдүгү, боорукерлиги мага мындан аркы жашоомо дем-күч берди”,-деп жазган ал.

Эске салсак, Асел Ногойбаева бир нече жыл мурун күйөөсү менен ажырашып кеткен. Бирок, ага карабай күйөөсү аны артынан аңдып жүргөн. 2023-жылдын январында Ногойбаева милицияга кайрылып, мурдагы күйөөсү зордуктаганын билдирген.

2024-жылдын январында Сокулук райондук соту Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыратып, Ногойбаеваны кыйнагандыгы жана моралдык чыгым үчүн 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Асель Ногойбаева (@asel_nogoibaeva)

237