7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашууларда абал: Жол ачык, каттам бар

122

Өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

Нарын — Акталчат — Казарман унаа жолунун 40-99-чакырымдар аралыгында бир тараптуу каттам бар.

Белгилей кетсек, 12-декабрдан тарта аталган жол тилкесинде кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан жеңил жана оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилген. Учурда № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан кардан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери улантылып жатат.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тартууда унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү эскертет.

123