7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган айтышта баш байгени Амантай Кутманалиев жеңип алды

779

Эл артисти Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык айтыштын финалдык туру жыйынтыкталды. Айтышта баш байгеге Амантай Кутманалиев ээ болду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов акындарды куттуктап, баш байгенин ээси Амантай Кутманаливге атайын диплом жана 200 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Биринчи орунду төкмө акын Акматбек Султан ээлесе (150 миң сом), экинчи орун Баян Акматовго (100 миң сом) буюрду. Үчүнчүлүктү Мамбеттокто Орозо (50 миң сом) ээледи. Ал эми калган катышуучуларга 35 миң сомдон берилген.

Белгилей кетсек, сынак «Айтыш» коомдук фонду жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, улуттук филармонияда өттү. Тандоо туруна 49 акын катышып, финалга өткөн 12 акын күч сынашкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

780