7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскар Акаев: Кумтөрдүн пайдасын менден кийинки президенттер көрдү

1138

Кумтөрдүн пайдасын менден кийинки президенттер көрдү. Анткени алтындын баасы 2004-жылдан жогорулап, пайда түшө баштаган. Алгачкы киреше 120 миң канада долларына социалдык фонд түзгөн элек, кийинки бийлик аны жоюп салып, акчадан кабар жок.

Мындай пикирин туңгуч президент Аскар Акаев журналист Айжигит Матраимовго берген маегинде айткан.

«1990-жылдарда бизде план бар эле, рынок экономикасынын фундаментин түптөө деген. Ар бир мамлекетке валютанын туруктуу булагы керек, башка коңшу өлкөлөрдө нефт, газ, пахта көп, а бизде алар жок. Мен көп ойлонуп алтындан башканы таба албадым.
Ошол учурда «Макмал» алтын кени иштеп турган, бирок ал жылына бир тоннага чейин гана өндүрө алчу. Алтынды валютанын туруктуу булагы катары көрсөтүү үчүн жок эле дегенде 10 миң тонна өндүрүшү бар кен керек. Анан Кумтөрдү ишке киргизүү керек болду. Бирок кен иштеткен компаниялар биздин сунушка көңүл деле бурган жок. Себеби ал учурда алтындын баасы төмөн болчу. (1 унциясы -400 доллар) Актабайт деп коюшту.
Анан Чынгыз ага (Айтматов) Бриштейн деген ишкер менен таанышып, ал киши Канадалык «Комека» компаниясын көндүрүүгө жардам берди. Албетте ал ишкер болгон соң, анын да өз пайдасы каралды.
Ошентип, ал компания 3 жылдын ичинде фабрика курду. 97-жылдан алтын чыга баштаган менен баасы 300$ дан да төмөн болуп пайда көрө албай, кредит алып иштеп жатышкан.

2004-жылы алтындын баасы көтөрүлүп, биринчи пайда түштү. Бизге Канада доллары менен 120 млн доллар беришкен.

Ал каражатка социалдык фонд уюштурганмын. Мугалим, врачтарга жеңилдетилген ипотекалык үйлөрдү берүү максатында. Бакиев келгенде биринчи указдары менен ал фондду жоюп салды, ал эми каражат кайда кетти мага белгисиз. Биздин учурда 400$ болгон алтын, кийин 2000$ га чейин өстү.   2010-жылдагы, андан кийинки экономикалык кризистерде, бийлик ошол Кумтөрдөн түшкөн пайданын негизинде гана мамлекеттик бюджетти сактай алды«, -дейт КРнын мурдагы президенти Аскар Акаев.

Эске салсак алтындын баасы 2005-жылдан кескин көтөрүлүп баштаган, 2010-жылдар аралыгында унциясы 2000 долларга жеткен. Учурда алтындын 1 унциясы 1700 доллардан, туруктуу сакталууда. Бул өз кезегинде сомдун курсу башка валюталарга салыштырмалуу туруктуу болуусуна негиз болууда.

2020-жылы «Centerra Gold» компаниясы  Кыргызстанга 344,680 млн АКШ доллар пайда киргизген. (салыктар, аффинаж акысы, товарлар менен кызматтар үчүн төлөмдөр, инфраструктура төлөмдөрү, кайрымдуулук ж.б.)

Компания иштеген 1994-2020-жылдар аралыгындагы Кыргызстандын пайдасы жалпы 4 миллиард 485 миллион АКШ доллары болгон. Бул тууралуу «Centerra Gold» компаниясынын сайтында көрсөтүлгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1139