7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскат Алагөзов: Президенттин туристтик багытта өтүп жаткан жолугушуусу 10 млрд сомдук кирешенин жолун ачты

2

“Ар дайым эле протоколдук форматтагы же жабык эшик артындагы иш-чаралар күткөндөй натыйжа бере бербейт”, — дейт президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов. Бул тууралуу пикирин ал өлкө башчы Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжаонун эки күндөн бери тоо арасында өтүп жаткан бейформал жолугушууларына комментарий катарында фейсбук баракчасына жазган.

Анын айтымында, президент Чанпэн Чжао менен мамлекет ишке ашырып жаткан ири туристтик долбоорлорду алдыга жылдырууну дагы талкуулаган.

“Бүгүн дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, көп маселелер бейформал жолугушууларда, ишенимге негизделген түз диалог аркылуу чечилип жатат.

Президент Садыр Жапаров да дал ушундай ыкманы колдонуп, дем алыш күндөрүн пайдалуу жолугушуулар менен айкалыштырып, дүйнөдө жана өлкөбүздө криптоиндустрия тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча кеңешчиси Чанпэн Чжао менен пикир алышты.

Жеке байланыш жана өз ара ишеним бүгүн криптоиндустрияга тармагынан мамлекетке түз салык катары 2 млрд сомдон ашык, ал эми экономикага кыйыр түрдө 10 млрд сомдой жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, капиталдын Кыргызстанга келишине шарт түзүүдө.

Ал эми 10,7 млн катталуучусу бар Чжао мырзанын Твиттерде бөлүшкөн видеосу өзүнө жаккандай эле, анын аудиториясына да жагып, Кыргызстанга тартат деп ишенем”, — деп жазал ал.

3