7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми жогорулатылды

373

Аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

img

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин, мыйзам аркылуу аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекетик органдарындагы жана башка аскер түзүмдөрүндөгү аскер кызматкерлеринин тамактандыруусун уюштурууну жакшыртуу жана тартипке келтирүү максатында, «Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми жогорулатылды.

Кабыл алынган чечимге жараша паектун бардык түрү жогорулатылган, анын ичинде жалпы аскердик паек, дарылануу паегу, жалпы аскердик кургак паек, бийик тоодогу кургак паек, түнкү паек жана учкучтук паек жогорулатылды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, аскерлердин рационуна колбаса азыктары, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жемиштер сыяктуу кошумча азык-түлүктөр киргизилген.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтому үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

374