7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байсалов Дохадагы саммитте Палестина эл аралык кылмышка кабылганын айтты

146

Палестинанын эли жасалма жол менен пайда болгон ачкачылыкты баштан кечирүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Доха шаарында өткөн социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммиттин алкагында өткөн Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жыйынында сөз сүйлөдү.

«Дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар ачкачылыктан, жакырчылыктан жана жокчулуктан жапа чегүүдө – бул биздин жалпы адамгерчилигибизди жана чечкиндүү жамааттык аракеттерибизди талап кылган трагедия. Биз алардын азап-кайгысын жеңилдетүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга милдеттүүбүз. Бирок өзгөчө тилектештик сөздөрү Палестина элине арналат, алар бүгүнкү күндө 100 пайыз жасалма жол менен пайда болгон ачкачылыкты –  эл аралык кылмыштын бир түрүн башынан кечирүүдө», — деп билдирди саммиттин трибунасынан сүйлөгөн сөзүндө минкаб төрагасынын орун басары.

Байсалов Кыргызстан Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянска кошулганын белгилеп, миллиондогон адамдар жашоо жана тамактануу укугунан ажыратылганына адамзат чыдабай турганын кошумчалаган.

Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянс 2024-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн G20 саммитинде түзүлгөн. Учурда анын курамына 104 мамлекет кирет.

 

147