7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Астанада Жапаров жана Токаевдин расмий жолугушуу аземи өттү

479

Бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында президент Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинген, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.

Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

480