7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башыда имамга жана азанчыга унаа белек кылышты

382

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Баш-Кайынды айылынын имамы Медер Турдубековго жана мечитте 20 жылдан бери сопулук кызматты аркалап келе жаткан Ырыскелди Ысмайылакуновго айыл тургундары тарабынан 2 унаа белекке берилди.

Бул белек дин кызматкерлеринин иштерин жеңилдетүү жана алардын айыл элине көрсөткөн көп жылдык кызматына ыраазычылык иретинде тапшырылганын муфтияттан билдирди. 

Белек тапшыруу аземине Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, Ат-Башы районунун баш имам-хатиби Абдулла Тахиров жана айыл тургундары катышты. Азем учурунда облус казысы имамдардын ишин жогору баалап, биримдикте унаа белек кылган айыл элине терең ыраазычылык билдирди. Айыл тургундары да куттуктоо жана ыраазычылык сөздөрүн айтып өтүштү.

Бул окуя айыл тургундарынын ынтымагын жана дин кызматкерлерине болгон урмат-сыйын дагы бир жолу дааналап көрсөттү деп билдиришти аймактык казыяттан.

383