7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ата-Мекениме кызмат кылгым келет». 9 жаштагы Бейшенбекке Ички иштер министри телефон белекке берди

769

Бүгүн, 16-декабрь күнү Ош облусунун милиция кызматкерлеринин саптык кароосу өттү. Анда Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун атынан милициянын ишмердүүлүгүнө кызыгып, милициянын формасын кийип жүргөн тогуз жаштагы Бейшенбек Эсеевге жаӊы жылдык майрамга карата белек катары уюлдук телефон тапшырылды.

Өткөн жумада Бейшенбек Эсеев ички иштер министрине кат жолдоп, «Мен дагы Сиздерге кошоп келечекте милиция кызматкери болгум келет. Ата Мекениме кызмат кылгым келет. Мага ата-энем атайын форма да тиктирип берген. Мен азыр төртүнчү класста окуймун! Мени Ош облустук жана Ош шаардык милиция кызматкерлери да жакшы таанышат. Мен ар дайым милиция уюштурган иш-чараларга активдүү катышып келем. Милицияда иштегендердин баарына ийгиликтерди каалайм жана жаңы жылда министрдин акыл-насаатын, белегин алгым келет”,-деп кат жолдогон.

«Бейшенбек Эсеевге Улан Ниязбеков куттуктоо жолдогонун, келечекте кыргыз эли сыймыктанган милиция кызматкери болуусуна тилектештигин, жакшы окуп, жакшы тарбия алышын жана Мекенибиздин билимдүү, эл керегине жараган мыкты жигиттерден болушуңду министр мырза каалап, белегин берип жиберди»,- деди Жеӊишбек Абитов жаңы жылдык белекти тапшыруу учурунда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

770