7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атамбаев ооруп жаткандыгына байланыштуу сот ишин бир жумага жылдырууну суранды

364

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге карата сот иши уланды. Сот жараянына Азирет Медеров төрагалык кылды.


Судья төрагалык кылуучунун атайын уруксаты алынганга чейин видео тартууга тыюу салган.


Андан кийин судья Алмазбек Атамбаевдин арызын окуп берди, анда ал ооруп жаткандыктан сот ишин бир жумага жылдырууну суранган. Ошондой эле СИЗОнун дарыгеринин Атамбаевди текшерген маалымдамасында анын жөтөлгөнү, башы айланып, чыйрыгып, бели жаткандыгы тууралуу диагонозу камтылган. Сот залына Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаев гана алынып келинди.


Андан кийин адвокат Сергей Слесарев жолугушууну кийинкиге жылдырууну суранды, анын кесиптештери башка айыпталуучулардай эле Атамбаевдин өтүнүчүн колдошту.
«Альфанын» өлтүрүлгөн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өкүлү буга каршы экендигин билдирди.

«Дайыма Атамбаевдин айынан бул процесс кийинкиге жылдырылып келет. Ансыз бир да нерсени карап чыгуу мүмкүн эмес», — деп ачууланды.


Тараптардын пикирин угуп, судья сот отурумун 9-декабрда саат 14.00гө жылдырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

365