Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев менен «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун кармалышы коомчулукта ар кандай талкуу жаратууда. Буга чейин Атамбаев өзү кайрылуу жасап, андан соң социалдык тармак аркылуу Сапар Исаков да үн каткан. Ушул темалардын алкагындагы суроолорго саясат таануучу Бакыт Бакетаев жооп берди.
— Бул маселени эмоция менен эмес, фактылардын негизинде караган оң. Биринчи кезекте, соңку күндөрү Атамбаевчилер элди «энергетика маселеси» же «өлкөдө жүргөн кытай жарандары» темалары аркылуу козутуу аракетин жасап келгени байкалып турду.
Атамбаев дагы, Сапар Исаков дагы өздөрү бийликте турган учурдагы кемчиликтер боюнча ооз ачпастан, өз кызыкчылыгындагы фактыларды келтирүү менен коомдук пикирди манипуляциялоого аракет кылып көрүштү.
Энергетика маселесин козгогондон майнап чыкпай калган соң, кытайлык жарандарга каршы теманы көтөрүп чыгышты.
Ушул жерден айта кетчү нерсе, Атамбаевдин президенттиги учурунда да Бишкек ЖЭБинин реконструкциясында, “Датка-Кемин” курууда жана башка долбоорлорду ишке ашырууда дал ушул кытайлык компаниялар, кытайлык жарандар келип иштеп кеткен.
Учурда да абал ушундай: республикада иштеп жаткан кытай адистери стратегиялык маанилүү долбоор “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушунун алкагында иштешүүдө жана жумуш бүткөн соң Атамбаевдин убагындагыдай эле кайра чыгып кетишет. Ушуларды билип туруп кытайлык жумушчулар темасы аркылуу элди козутабыз дегени таң калычтуу.
Бул экономикалык зарылдыкка байланышкан процесс. Негизи эле мындай практика дүйнө өлкөлөрүндө бар. Президент Садыр Жапаров туура эле айтып жатат. Учурда чындап эле, “Кытай экономикалык бир океан болсо, дүйнө жүзү өзүнчө бир экономикалык океан”.
Дал ушул “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу аркылуу биз дүйнөгө чыгабыз. Ошондуктан аталган темир жол бизге керек. Демек, бул факторду саясий инструмент катары колдонуу — реалдуулукту бурмалоо болуп саналат.
Ал эми кармалган адамдар боюнча — бул маселе укуктук талаада, тергөөнүн жана соттун алкагында чечилиши керек. Саясий өңүт берип, элди адаштыруу же чагымчыл аракеттер менен козутуу — коомго пайда алып келбейт. Экономикага зарыл болгон долбоорлор уланышы керек, ал эми чет элдик адистер келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин гана иштейт. Муну саясатташтыруунун кажети жок.
Массалык башаламандыкка чакырган делген Темирлан Султанбековдун аракеттерине кандай баа бересиз?
— Бийликти күч менен алмаштыруу деген болбошу керек. Бул жөн гана куру кыял жана жоопкерчиликсиз кадам. Мындай аракеттердин кесепетинен жарандардын мыйзам алдындагы жоопкерчилиги күчөп, жөн жерден эле сот жообуна тартылуу тобокелдиги бар экенин түшүнүү зарыл. Ошончолук эле бийликке келүүнү каалагандар болсо, мыйзамдуу жолу бар. Бул – шайлоо. Азыр өлкөдө таза шайлоо өткөргөнгө бийлик өзү кызыкдар. Бул үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүп берди.
Атамбаевдин баласы Сейидден сурагыла шайлоого катышып жатат, басым болуп атабы? Тескерисинче БШК жана жергиликтүү бийлик талапкерлерге жер жерлерде эл менен жолугушууларды уюштуруп берүүдө. Мамлекеттик телканалдарда акысыз эфирдик убакыт берилүүдө. Жакында эле алардын биринде ошол эле Темирлан Султанбековдун апасы, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер азыркы бийликке карата курч сындарды айтып жатканын көрдүм. Бул да болсо бийликтегилердин эл, шайлоочулар өздөрү таразалап алышсын деген позициясы деп түшүнөм.
Өлкө башчысы да маектеринде бир нече ирет баса белгилеп, шайлоону таза жана калыс өткөрүүнү талап кылды. Учурда шайлоо алдындагы үгүт иштеринде мыйзам бузуулар байкалса, укук коргоо органдары, Борбордук шайлоо комиссиясы дароо реакция кылып жатат.
Добуш сатып алуу жана башка мыйзамсыз аракеттер аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө. Ушундай шарттардан пайдаланып, кимде ким бийликке келүүнү көздөсө, шайлоого катышса болот. Өзүнүн татыктуулугун көрсөтүп, парламентке келишсин. Саясий амбициясы барлар мыйзамдуу жол менен, элдин ишеними аркылуу гана бийликке келе алат. Демократиянын шарты да, талабы да ушул.



