7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аткезчилик жол менен алынып келген дары-дармектер кармалды

776

Аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июнда Лейлек районунун тургундары, 1993-жылы туулган С.у.И. жана 1991-жылы туулган М.Т.З. аттуу жарандардын башкаруусундагы 03KG 322 ADU мамлекеттик номурлуу, кочкул көк түстөгү Ауди А6 үлгүсүндөгү унаа аныкталып токтотулган.

Унаанын ичинен кошуна мамлекеттердин биринин аймагынан Баткен облусуна аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер табылган. Аталган унаа жүктү Лейлек районунан Кадамжай районун көздөй жергиликтүү соода түйүндөрү аркылуу сатуу үчүн бара жаткан.

Унаа жана жүк атайын сактоочу жайга токтотулуп, аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Белгиленген тартипте жүктү жок кылуу үчүн материалдарды бажы органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

777