7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан жүк кармалды

728

«Карбамид» түрүндөгү минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жол менен ташып бара жаткан жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  28-декабрда Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында КР жараны 1991-жылы туулган Мамалаев Таалайбек Мурадиловичдин башкаруусунда, 01KG861AJY мамлекеттик номерлүү «Рено-Магну» маркасындагы оор жүк ташуучу унаа кармалган.Анын жүк бөлүгүндө эч кандай коштоочу документтери жок «карбамид» түрүндөгү минералдык жер семирткичтер болгон. Мамалаев мыйзамсыз жүктөрдү жашыруу максатында аларды пресстелген чөптүн астына катып койгон.

Белгилей кетсек, «Кольцо» транспорттук контролдоо постунда таразага тартууда жүк ташууга жол берилген нормасы 7 тоннага ашыра аткарылгандыгы аныкталып, ага байланыштуу 74620 сом штраф салынган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жүктү алган адам Лейлек районунун Кулунду айылынын 1982-жылы туулган жараны Ташматов Арсланбек экенин, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мадумаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Кольцо» стационардык постунда мамлекеттик органдардын кызматкерлери пара алган деп айыптаган жана контрабанда иш-аракеттерин жүргүзгөндүгү үчүн мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

729