7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аткезчиликке айыпталып өзбек жараны кармалды

534

УКМК тарабынан жалпы суммасы 47 млн 278 миң 780 сомдук эл керектөөчү товарларды «Кадамжай-автожолу» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстага алып келүүнү көздөгөн чет өлкөлүк жарандын аткезчилик ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

УКМКнын Баткен облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Өзбекстандын жаранына карата Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

5-декабрда Кадамжай райондук сотунун чечими менен товар жана жүк ташуучу унаа мамлекетке конфискацияланып, аталган жаранга 150 миң сом өлчөмүндөгү айып салынган.

Мыйзамсыз аракеттерге көмөктөшкөн көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлерине карата өзүнчө ачылган кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

535