7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Авиабилет алып берем деп элди 1,5 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

133

Баткендин Лейлек районунда авиабилет алып берем деп элди 1,5 миллион сомго алдап кетүүгө шектелген жаран кармалды.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 25 жаштагы тургун Раззаков шаарындагы авиакассада иштеп жүргөн. Элдин ишенимине кирип, билет алып берем деп акчаны өзүнүн банктык картасына котортуп алып турган.

«Милицияга 13 киши арыз менен кайрылды. Тергөөнүн жүрүшүндө жалпы 1,5 миллион сомго жакын материалдык зыян келтирилгени аныкталган. Бул факт боюнча»Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду», — деп айтылат билдирүүдө.

Шектүү Раззаков шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.

 

134