7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Автомектепте жакшы окугандар 4 айдан кийин айдоочулук күбөлүк алышы мүмкүн

183

Автомектептерде жакшы окуган курсанттарга 1 жылга убактылуу күбөлүк берилиши мүмкүн. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Ал белгилегендей, курсанттардан 4 ай окугандан кийин тест ала турган шарттар да түзүлдү. Бул тестти ийгиликтүү өткөндөргө бир жылга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет.

“Жогорку натыйжаларды көрсөткөн курсанттар төрт айлык окуудан кийин тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат. Тестирлөөдөн жана экзаменден ийгиликтүү өткөн курсанттар бир жылдык мөөнөткө убактылуу айдоочулук күбөлүк алат. Эгерде, бир жыл ичинде жол эрежесин одоно бузбаса, аларга туруктуу айдоочулук күбөлүк берилет. Ал эми убактылуу күбөлүк алган айдоочу бир жылдын ичинде жол эрежесин одоно бузса же жол кырсыгына себепкер болсо, убактылуу күбөлүгү жокко чыгарылат. Мындай айдоочу кайрадан автомектепке жиберилип, калган алты айлык окуусун аяктоого милдеттендирилет»,-деди Туманбаев.

Ал ошондой эле төрт айдан кийин тест тапшырып өтө албай калгандар да 10 айлык окуусун улантарын белгиледи.

«10 ай толук окуп, экзаменди ийгиликтүү тапшыргандарга дароо айдоочулук күбөлүк берилет”, — деди ал.

184