7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Аялзат- аалам ажары». Белек тандоодо мырзаларга 7 кеңеш

1959

«Аялзат- аалам ажары»- дегендей аял коомдо өзгөчө орунду ээлейт. Сулуулугуңуздар менен ааламды багындырып, жашоону көрккө бөлөп келесиздер!

Эне жүрөк алоолонуп күн сунат,

Жаз аялзат бирдей гүлдөп кулпурат.

Өнүп чыгып, сулуулуктан, мээримден,

Өмүр жаны өлбөстүкө умтулат…

Жадыраган жаз менен кошо кирип келген айымдарды майрамы менен 7-каналдын жалпы жамааты куттуктайт!

Дал ушул күнү мырзалар айымдарга кандай белек берем деп билбей турса, айымдардын жан дүйнөсүн кубанычка бөлөгөн төмөндөгү белектерди сунуштайбыз.

Ар бир эле айым үчүн бул белек өтө баалуу жана көңүлүнө жакын келет. Эмне жөнүндө сөз болуп  жатат десеңиз, аялзатынын дагы да көркүн ачкан назиктиктин символу болгон гүл жөнүндө. Мырзаларга кеңеш болсун, апаңызга, сүйүктүңүзгө, эже-карындашыңызга кандай гана белек бербеңиз колуңузга сөзсүз гүл көтөрүп алыңыз.

Гүл- сый урматтын, сүйүүнүн символу. Мисалы, анын ичинен жоогазынды алсак. Ажайып сулуулукту, кооздукту айгинелеп турган жоогазын гүлү өзүнүн сырткы көрүнүшү менен ар бир жанды тартып турат. Демек, бул гүл жан дүйнөсү өтө назик, баёо, аруу аялзаты үчүн жаралгандай.

«Сулуу эмес айым жок, өзүнө кам көрбөгөн айымдарыбыз бар»,-дегендей косметика айымдар үчүн дагы пайдалуу белектердин катарын толуктайт.

 

 

Косметикалык каражаттарАйымдар канчалык ажарлуу, көрктүү болсо дагы өзүнө ар дайым кам көрүш керек. Эгер сиз сүйүктүүңүз, эжеңиз же карындашыңыз эмнени колдоноорун, ага эмне керек экендигин билбей жатсаңыз, өзү тандап алуу мүмкүнчүлүккө ээ болгон күбөлүк белекке берсеңиз болот. Сулуулук каражаттарынан эч бир аялзаты баш тартпаса керек. Андыктан көркүнө көрк кошуп турган жогорудагы белекти сунуштайбыз.

Ачык түстөр, кооз нерселер айымдарды өзүнө тартып турат эмеспи. Дегеним, алтындан же күмүштөн болобу айтор зер буюмдардан жакыныңыз баш тартпаса керек.

Зер буюмдар- Кыз-келиндер тагынган алтын, күмүш буюмдарынын көбү күндөлүк жашоо тиричиликте жаш өзгөчөлүктөрүнө карата бөлүнөт. Зер буюмдар- чындыгында айымдарга сулуулуук берип, көркүнө көрк кошот. Цепочка, сөйкө, шакек, шууру жакыныңыз үчүн жагымдуу белектин бири. Мисалга алсак, цепочка моюнду көрктүү көргөзүп, алтургай кийген кийимине дагы көрк кошуп турат. Эгерде сиздин жакыныңыз кооз жасалгаларга кызыкса, анда дал ушул зер буюмдар сиздер үчүн!

Айымдар ансыз көчөгө чыгышы мүмкүн эмес. Сөз күнүмдүк жашоосунда дайым колдонуп жүргөн сумка тууралуу болуп жатат.

 

 

Сумка- аял заты үчүн күнүмдүк турмушта колдонулган керектүү буюм болуп саналат. Алар өзүнө керектүү буюмдарын сумкасына салып алышат эмеспи. Дал ушул белекти берүүнү ойлоп турсаңыз жаңылган жоксуз. Кандай өңдү жакшы көрөөрүнө ылайыктап, сырткы көрүнүшүн өзүңүздүн табитиңизге жараша тандап алыңыз. Ошондой эле колго түйүлгөн сумкаларды дагы сунуштап кетебиз. Бул белекти тандоодо анын стилине өзгөчө көңүл бөлүңүз.

Сувенир-  Эстеликке сакталып калсын десеңиз, үйүнүн же иштеген ишинин көркүн ачкан аталган белекти сунуштайбыз. Эгер сүйүктүүңүз Парижге көптөн бери баарууну каалап жүрсө , Париждин сувенирин берсеңиз болот. Бул анын кыялынын орундалышына түрткү болот. Сиз берген буюм кыялына жакындатып, аны ишке ашырууга мотивация болот.

Аялзаты үчүн убакытты туура бөлүштүрүү өтө маанилүү. Анткени, алар балдарына, үй-бүлөсүнө жана жумушуна жетишиши керек. Албетте баарыбыз убактытты саат менен өлчөп, ошого жараша бөлүштүрөбүз. Андыктан пайдалуу, керектүү жана ынгайлуу болгон саатты белек кылыңыз.

 

Саат- стилдүү аксессуар болуп саналат жана кыздын колуна дагы көрк берип турат. Бул убактысын үнөмдөп пайдаланган айымдар үчүн эң туура тандоо.

Адамдын жан дүйнөсүн байыткан, керек болсо жакын доско айланган, акыл айтып, кеңеш берип келген пайдалуу китептен өткөн баалуу белек жок болсо керек. Китепти дагы таандарда жакыныңыздын табитине караңыз. Эмнеге кызыгат, эмнени үйрөнгүсү келет айтор жакыныңыздын жан дүйнөсүнө ылайык китептерди берсеңиз болот.

Китеп- аш казанды гана толтурбастан, баш казанды толтуруучу эң керектүү буюм болуп саналат. Китеп жан-дүйнөнү байытат, аны сүйүп окуган адамдар сөзсүз ийгиликтерди багындырат. Сиз жакыныңызга китеп берүүнү кааласаңыз, кандай жанрдагы китепти жакшы көрөт тематикасына ылайыктап китептердин топтомун белекке берсеңиз болот!

Сулуулук, аруулук, тазалык аялзатында эмеспи, ардактуу апалар, эже-сиңдилер, айымдар, кыздар, майрамыңыздар кут болсун!

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1960