7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азат Эркимбаев грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эң мыкты машыктыруучусу аталды

787

Азат Эркимбаев грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эң мыкты машыктыруучусу аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кыргызстандык машыктыруучуга наам Азиянын бириккен күрөш дүйнөсү (UWW Asia) чыгарган 2023-жылдын жыйынтыгы менен ыйгарылган.

Белгилей кетсек, Азат Эркинбаев — Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу. Ошондой эле эркин күрөш боюнча мыкты машыктыруучу наамы Иран курамасынын машыктыруучусу Пежман Доросткарга, ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча мыкты машыктыруучу наамы Япония курамасынын машыктыруучусу Ре Канемахага ыйгарылды.

788