Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.
Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында төмөнкү таблицага ылайык жүргүзүлөт.

Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет.
Белгиленгендей, бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.



