Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алат. Мелдешке жалпы 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.
Жарыштын биринчи күнү грек-рим күрөшүнөн төмөнкү кыргыз балбандары чыгат:
55 килограммга чейин — Улан Муратбек уулу;
63 килограммга чейин — Автандил Таалайбеков;
77 килограммга чейин — Акжол Махмудов;
87 килограммга чейин — Асан Жанышов;
130 килограммга чейин — Роман Ким.
Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат.
Эске салсак, 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык аренада” спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.



