7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азыгалиев Москвадагы парламенттик оюндарда теннис боюнча алтын медаль утту

719

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Москвада өтүп жаткан XI Эл аралык парламенттик оюндардын алкагында теннис боюнча алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен маалымдашты.

Маалыматка караганда, оюндарга 12 өлкөдөн депутаттар чакырылып, спорттун жети түрү боюнча турнирлер өткөн. Анда Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев теннис боюнча мелдеште 1-орунга ээ болду. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттары бильярд, стол тенниси сыяктуу номинациялар боюнча 3-орунду камсыздашты.

«Оюндардын жыйынтыгында жалпы командалар арасында Жогорку Кеңештин депутаттары 3-орунду ээлешти. Команданын курамына депутаттар Ырысбек Атажанов, Нурбек Алимбеков, Дастан Бекешев, Жаныбек Кыдыкбаев, Замирбек Мамасадыков, Кундузбек Сулайманов, Бакыт Тентишев, Мейкинбек Абдалиев, Айгүл Айдарова, Нилуфар Алимжанова, Дастанбек Жумабеков, Азамат Исраилов, Эрулан Кокулов, Нурлан Ражабалиев, Жылдыз Таалайбек кызы жана Миргүл Темирбаева кирди» — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

720