Ирандын абадан коргонуу күчтөрү күжүрмөн даярдыкка келтирилди, деп билдирет “Reuters” басылмасы.
Улуу Британия Тегерандагы элчилигин жаап, бардык кызматкерлерин эвакуациялады. Ал эмт АКШ Катардагы “Аль-Удейд” авиабазасынын кызматкерлерин кыскартты. Бул Американын Жакынкы Чыгыштагы эң маанилүү аскердик базаларынын бири, жана ал жерде 10 000ге жакын аскер жана жарандык персоналдар туруктуу жашап келишкен.
Ирандын бийлик өкүлдөрү жарандык учактар үчүн аба мейкиндигин жабуу тууралуу расмий билдирүү таратып, эгер Кошмо Штаттары кол салса, аймактагы америкалык аскерий базаларга сокку урарын эскертти.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, 24 сааттын ичинде АКШнын Иранга сокку уруусу күтүлүүдө.
Буга чейинки маалыматтарда, нааразылык акцияларынан каза болгондордун саны 12 миңге жеткени айтылган.
Мамлекеттик департамент АКШ жана анын союздаштарынын жарандарын Ирандан чыгып кетүүнү суранды.
Акыркы маалыматтарга караганда, Ирандын 186 шаарында (31 провинция) 585 жерде нааразылык акциялары болуп, кармалгандардын саны он миңден ашты.
Эске сала кетсек, өлкөдө дээрлик бир жумадан бери интернет жок. Экономикалык кризис жана улуттук валютанын девальвациясынан улам келип чыккан массалык нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрынын аягынан бери уланууда.



