7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Бишкекте IV Элдик Курултай өтөт

119

Бүгүн, 25-декабарда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өлкө үчүн маанилүү коомдук-саясий аянтча болгон Төртүнчү Элдик курултай өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда өз ишин баштайт. Курултайга республиканын бардык аймактарынан шайланып келген делегаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жарандык коом жана эксперттер катышат.

Иш-чаранын алкагында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү, жарандардын актуалдуу маселелери жана коомдук сунуш-пикирлер талкууланат. Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы ачык диалогду бекемдөөгө багытталган маанилүү платформа болуп саналат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

120