7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн президенттик балаты өтөт

468

Бүгүн, 22-декабрда президент Садыр Жапаров Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балаты майрамына катышат.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган, алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар бар.

Жаңы жылдык театралдаштырылган концерттик программа УТРКнын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып көрсөтүү 10:55те башталат.

 

 

469