7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн түнү автоунаа уурдап качкан шектүү жарандар кармалды

589

Авто унаа уурдап качып кеткен шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-февралында болжол менен саат 03:30 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына “Верхный Төкөлдөш” дарегинен ВАЗ-2114 үлгүсүндөгү авто унааны уурдап кетишти деген маалымат келип түшүп, ошол замат өздүк курамга авто унааны издеп табуу боюнча багыттама берилген.

Берилген багыттаманын негизинде Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, көп узабай кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен уурдалган авто унааны айдап баражаткан жеринен 2003-жылы туулган Ж.Н. жана 2000-жылы туулган Ч.Р. аттуу жарандарды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен. Азыркы учурда Октябрь райондук ИИБгы тарабынан тиешелүу иштер жургүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

590