7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бөлүп төлөөгө Айфон 11 алып, башка кишиге сатып ийген». Бишкекте алдамчылыкка шектелген жигит кармалды

774

Ленин РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-мартта милицияга аял киши арыз менен кайрылып, 10-мартта болжол менен саат 14:00 чамасында «Ош» базарында ишенимге кирип, 52 миң сомго Айфон 11 про үлгүсүндөгү телефонду бөлүп төлөөгө алып, «келишимди анан түзөм» деп кетип, ошол бойдон иш жашырган жаранга чара көрүүнү суранган. Шектүү телефонду дагы бир башка жаранга 38 миң сомго сатып салганы аныкталган.

Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган жигит кармалып, камакка алынган. Анын бөгөт чарасы Ленин райондук сотунда каралып, СИЗО-1ге 15 күнгө камакка алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

775