7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баңгизат сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп алышкан. Коргоо министрлигинин кызматкерлери кармалды

925

Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери баңгизатын сатуу жана колдонуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында баңгизаттарды таратуу жана сатуу фактысы боюнча Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери, прапорщик К.А.Ж. жана ефрейтер Б.Н.К. кармалды.

Коргоо министрлигинин жогорудагы аскер кызматкерлери бир нече убакыттан бери жарандарга Бишкек шаарынын аймагында “Гашиш” баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп алышкандыгы аныкталган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек гарнизонунун аскердик камак жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

926