7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Баңгизаттын айынан үй-бүлөмдөн, досторумдан ажырадым»

677

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы көптөн бери баңгизатын колдонуп жүргөн адамдардын окуясы чагылдырылган таасирдүү видеотасма менен бөлүштү.

“Назарыңыздарга баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды көптөн бери колдонуп келе жаткан чыныгы адамдардын окуяларына көз чаптырабыз.

Анткени, баңгизатка болгон көз карандылык баңгилердин өздөрү үчүн гана эмес, ата-энелер үчүн кайгыга айланат. Наркомания ооруулары маселеси дүйнө калкынын ден соолугуна глобалдык коркунуч болуп саналат. Бул маселенин чечилишине ар бир адам тынчсыздануусу керек жана биргелешкен күрөштүн аркасында гана азыркы замандын глобалдык проблемасын — баңгиликти чечүүдө оң натыйжаларга жетишсек болот.

Бул социалдык ролик менен Бишкек ШИИББгы эч кандай баңгизаттарды колдонууга көнбөгүлө деп чакырат. Баңги заттарды колдонуу менен сиз өз жашооңузду, көзкарандысыздыгыңызды жоготосуз, анткени баңги затка көз карандылык — бул эң татаал көз карандылык.”-деп берилет маалыматта.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

678