7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БАЭнын Masdar компаниясы Кыргызстанда күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция курат

551

Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) өкмөтүнө таандык инвестициялык Masdar компаниясы Кыргызстанда кубаттуулугу 200 мегаватты түзгөн күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция курат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү документке энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Абу Дабиге болгон жумушчу сапарынын алкагында кол коюлду.

«Документке Кыргызстан тараптан энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Мasdar компаниясынын башкы аткаруучусу Мохамед Жамил Аль Рамахи кол койду», — деп айтылат маалыматта.

Ибраевдин айтымында, келишимдин негизги максаты элди электр энергиясы менен камсыз кылуу жана күндүн нурунан алынуучу электр энергиясын өнүктүрүү. Тактап айтканда, жашыл энергетикага болгон кадамдар. Ал үчүн Кыргызстандагы күн жакшы тийген жер тилкесин чечип алуу зарыл.

«Ибраев Кыргызстандагы күндөн, шамалдан энергетиканы өндүрүүнүн жолдору боюнча кылган презентациясынан улам, Masdar компаниясынын өкүлдөрү күнгө ылайыктуу Ысык-Көл жергесинен, Токтогул ГЭСнин тегерегинен жана Бакенден облусунан жер сураган», — деп айтылат билдирүүдө.

Түзүлгөн келишимдин негизинде 4 ай Masdar компаниясы изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Андан соң июнь айында станцияны куруу келишимине толук кандуу кирише баштайт.

План боюнча станция 2025-жылы эксплуатацияга берилет. Инвестор катары Masdar компаниясы 200 МВтка 180 млн доллар, андан ары 1 млрд долларга чейин салым кошот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

552