7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баетов: Турак жай кооперативдерин лицензия алып иштей тургандай кылып мыйзамдаштыруу керек

843

Турак жай кооперативдерин лицензия алып иштей тургандай кылып мыйзамдаштыруу керек. Мындай сунушту Ош шаардык кеңешинин депутаты, юрист Болот Баетов көтөрүп чыкты. Учурда демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттарына сунуштап, мыйзам долбоорун иштеп чыгууну суранышууда.

“Мисалы камсыздандыруу компаниясын ачыш үчүн мамлекет кепилдик берет, ал үчүн лицензия алат. Өзүнүн бюджетинде 20-30 миллиондой акча кепилдик фонд катары сакталып турушу керек. Турак жай кооперативдеринде дагы ушул сыяктуу мамлекет кепилдеген фондунда акчасы болушу керек. Бирок бизде андай эмес, 5 адам ортодо биригип ачып, анан биринин баш кийимин экинчисине кийгизип иш жүргүзүп жатышат. Эгерде турак-жай кооперативи ачыла турган болсо, ага сөзсүз түрдө мамлекет тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп, лицензия берилип, бюджетин белгилүү сумма болушу керек. Ошондо кризистик кырдаал болсо же компания банкротко учураса ошол кепилденген акчадан жарандарды төккөн суммасы кайтарылып берилиши керек. Эл дагы алданбай туура багытта иштеп калмак” – дейт юрист Болот Баетов.

Кыргызстанда турак-жай кооперативдери Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшөт, бирок аталган министрлик коперативдер катталып, иштөө күбөлүгүн гана алышарын, алардын финансылык ишмердүүлүгүнө кирише албастыгын билдирди. Кооперативдердин ишмердүүлүгүнө карата эки түрдүү мыйзам бар. Ага акыркы жолу 2018-жылы өзгөртүүлөр киргизилген. Андан бери турак-жай жана кыймылдуу кыймылсыз мүлккө байланыштуу кооперативдер көбөйгөндүгүнө байланыштуу мыйзамдарды кайра карап чыгуу сунушталууда.

Болот Баетов паралментке кат түрүндө сунуш берилерин билдирди. Мындан улам, мыйзам долбоору качан иштелип чыгат, эл өкүлдөрү сунушту колдоого алабы азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, расмий маалымат боюнча 2021-жылы Кыргызстанда 158 турак-жай кооперативи катталган. Буга чейин Улуттук банк жана ички иштер министрлиги турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүндө каржы пирамидасынын элементтери байкалып жатканындыгын эскертип жарандарды этият мамиле жасоого чакырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

844