7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Төрөбаев: 9 айыл чарба кластерине 10 млрд сом бөлүнгөн

787

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ун комбинаттарынын, өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушууга 20 ашуун компаниянын өкүлдөрү катышты. Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү агроөнөржай секторунун ролун жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал Министрлер кабинети тарабынан агрардык секторду мамлекеттик колдоого алуу, жеңилдетилген кредиттер менен камсыздоо аркылуу агроөнөржай кластерлерин өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

«Негизги 9 айыл чарба кластерине 10 млрд сом бөлүнгөн. Мамлекеттик банктар жылдык 6 пайыз менен кредиттик каражаттарды бере баштады», — деди Бакыт Төрөбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө агроөнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

788