7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Төрөбаев: Курулуш тармагы да ассоциация түзүп, Министрлер кабинети менен кызматташа алат

948

Министрлер кабинетинин орун басары  Бакыт Төрөбаев курулуш секторунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин орун басары  белгилегендей, курулуш секторунун өнүгүшү мультипликативдик натыйжага ээ, аны менен катар экономиканын башка тармактары да өнүгөт. Ал курулуш компанияларын аймактарда көп кабаттуу турак-жайларды куруу менен аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүүгө чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш тармагындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде тармакты жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, курулуш иштеринин сапаты, өлкөнү курулуш материалдары менен камсыздоо маселелери, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын курулуш компаниялары менен кызматташуу маселеси, өлкөнүн аймактарында курулуш секторуна дем берүү чаралары талкууланды.

«Биз адистештирилген ассоциацияларга ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жана мамлекеттик органдардын андан ары кароосу үчүн башка актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөктөшүүчү токтом долбоорлорун даярдоосуна мүмкүнчүлүк түзгүбүз келет. Ошондой эле курулуш тармагы да ассоциация түзүп, бул багытта Министрлер Кабинети менен кызматташа алат», — деди Бакыт Төрөбаев.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

949