7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Төрөбаев Кытайда “Борбор Азия – Кытай” 12-кызматташтык форумуна катышты

8

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарынын алкагында “Борбор Азия – Кытай” 12-кызматташтык форумуна катышты.

Минкаб төрагасынын орун басары өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрүн Кытай менен байланыштырган транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасалып жатканын, анда “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолунун, “Барскоон — Бедел — Учтурфан — Аксуу” автожолунун курулушу, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам”, “Торугарт” жана “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иштеши, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аймактык маанидеги маанилүү аба жолу болгон экинчи аба коридорунун расмий ачылышы сыяктуу учурда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлорду белгиледи.

Кыргызстандын Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү менен транспорттук байланышында жетишилген ийгиликтери айтылып, бирдиктүү аймактык мультимодалдык транспорттук хабды түзүүдөгү өлкөнүн өзгөчө ролу белгиленди. Эл аралык транспорт каттамдарында натыйжалуу базаларды түзүү үчүн соода, логистикалык жана өнөр жай борборлорун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кытайлык компаниялар Кыргызстанга чакырылды.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан өлкөнүн экономикалык өсүшүнө оң таасирин тийгизип жаткан фундаменталдуу реформаларды ишке ашыруу менен өлкө ишенимдүү түрдө алдыга жылып жатканы форум катышуучуларына айтылды. Коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы өзгөчө күрөш жүрүп жатканы белгиленди.

Мындан тышкары форумдун алкагында Кытайдын айыл чарба тармагындагы алдыңкы ишканалары менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, анын жүрүшүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биологиялык продуктуларды, жаныбарларга вакциналарды өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ветеринардык илимий-изилдөө борборлорун түзүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

9