7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балбак Түлөбаев: Башаламандык уюштургандар бизди бөлүп жарганга аракет жасашты

869

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Оштогу ат майдандагы башаламандык боюнча өзүнүн пикирин билдирип, видео кайрылуу жасады.

«Спортто мындайлар болуп келген боло берет. Болгону кээ бир күчтөр бул жолкусунда провокация уюштуруп ийишти. Бизди азыр облустарга бөлүп-жарып жатышат. Бирок, биз бөлүнбөшүбүз керек, биримдиктүү болушубуз керек», — деген ал.

Эскерте кетсек, 31-августта Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогуна болгон оюнду финалда “Ынтымак” командасы жеңди. Беттеш 2:1 эсеби менен жыйынтыкталган.

Бул нерсеге нааразы болгон күйөрмандар калысты айыптап, башаламандык уюштурушкан. Алар оюн талаасына чуркап чыгып, бөтөлкө, таш менен ыргытышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча алар калысты сабап салышкан.

Бул окуя боюнча “Ынтымак” жана “Достук” командаларынын оюнчулары элге кайрылуусу жасашты. Анда алар элди бөлүнбөөгө чакырышты.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасап, чыр чыгаргандардын ар бири жазасын аларын айтты.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

870