7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асель Чынбаева үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү уланып жатканын белгиледи

551

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева бүгүн, 5-апрелде, «Кыргыз Республикасындагы улуттук деңгээлдеги үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук каражаттарын изилдөөнүн жыйынтыктарын тааныштыруу» аталышындагы тегерек столго катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Борбордук Азиядагы БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан уюштурулган иш-чарада Асель Чынбаева сөз сүйлөп, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү уланып жатканын белгиледи.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кошумчалагандай, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук коомдун негизги бирдиги катары үй-бүлөнүн жашоосунун негиздерине гана доо кетирбестен, коомдун өзүнүн коопсуздугуна да коркунуч туудурат. Барган сайын балдар жана аялдар, ошондой эле кээде эркектер, зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп баратышат.

Ошондой эле, Асель Чынбаева бул тегерек столдун маанилүүлүгүн белгилеп, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы эффективдүү саясат мамлекеттик түзүмдөр менен жалпы коомчулуктун өз ара кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү шартында гана мүмкүн болорун белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

552