7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчы шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 1, 5 млрд сом каражат бөлүнөт

17

Камчыбек Ташиев: «Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынан байыбайт, Балыкчы шаарын байытып кетиши керек»

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Балыкчы шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 1,5 миллиард сом каражат бөлүнөт. Анын ичинен 500 миллион сом жакынкы күндөрү, ал эми калган 1 миллиард сом келерки жылдын жаз айларында бөлүнөт,” – дейт ал өз сөзүндө.

Бүгүн Балыкчы шаарында маанилүү иш-чара болуп өттү.
Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштап, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.

Сапардын алкагында Камчыбек Ташиев шаарга жалпы баасы 100 миллион сом болгон 36 даана жаңы атайын техниканын ачкычтарын тапшырды. Ал белгилегендей, бул кадам шаардагы муниципалдык кызматтардын ишин жакшыртып, инфраструктураны жаңылоого олуттуу түрткү берет.

Андан кийин Камчыбек Ташиев жаңы курулган шаардык Китепкананы кыдырып, анын абалы жана ишке даярдыгы менен таанышты. Ошондой эле мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулуш аянтчасына барып, жумуштун жүрүшүн көзөмөлдөдү.

Бул аймакта жалпы 3 470 батирден турган турак жай комплекси курулуп жатат. Анын биринчи этабындагы 700дөн ашык батир келерки жылы пайдаланууга берилет.
Сапардын жыйынтыгында Камчыбек Ташиев жана Каныбек Туманбаев аз камсыз болгон алты үй-бүлөгө жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырышты.

Бул иштердин бардыгы Балыкчы шаарынын жашоочуларынын жашоо сапатын жогорулатууга жана шаардын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган.

18