7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда 10,7 километр канализация тутумунун курулушу башталды

707

Балыкчы шаарынын күн батышында 10,7 километр канализация тутуму курулат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, түтүктөр Тыныстанов, Тоголок Молдо, Мамбеталиев, Токтосунов, Каралаев, Калдыбаев көчөлөрү аркылуу өтүп, саркынды суулар Озерный көчөсүндөгү насостук станцияга куюлат.

“Курулуш иштери аяктаса, Балыкчы шаарынын калкынын 35-40 пайызы канализацияга кошула алышат. Буга чейинки канализация тутуму шаардын 40 пайызын гана камтычу. Долбоор аяктаса шаардын 80 пайызы канализацияга туташат. Ошондой эле Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында канализация тутумдары курулат”,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, долбоордун жалпы суммасы 957 миң долларды түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

708