7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда оодарылып калган унаанын 61 жаштагы жүргүнчүсү мерт кетти

1144

Бүгүн, 12-март күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 153,8-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Балыкчы шаарынын 67 жаштагы тургуну Мерседес-Бенц унаасы менен чыгыштан батышка бара жатып, жол кырсыгына кабылган. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу жогорку ылдамдыкта жолдун кайрылышынан унаанын рулуна ээ боло албай оодарылып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын айдоочусу, 69 жана 68 жаштагы жүргүнчүлөрү Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми 61 жаштагы аял киши алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Бардыгы Балыкчы шаарынын тургундары. Унаа айып аянтчасына жеткирилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1145