7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Балыктардын урук чачуу мезгили жакындады». Ысык-Көлдө браконьерлик торлор тазаланып жатат

734

Ысык-Көлдө браконьерлик торлордон тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

«Ысык-Көлдө балыктардын урук чачуу мезгили жакындап калды, ал эми балыктардын миграциялык жолдор аркылуу тынч өтүшү үчүн, көлдүн акваториясын браконьердик торлордон тазалоо керек. Ушундан улам Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы, жаратылышты коргоо органдары менен бирдикте бул багыттагы иштерди күчөтүшүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, көлдү браконьерлик торлордон тазалоо иштери Түп айылынан башталып, Күрмөнтү айылына чейин жүргөн. Дал ушул тилкелерде браконьерлер адатта тузактарын жайышат. Туристтик-экологиялык милициясынын инспекторлорунун милдети — аларды табуу жана зыянсыздандыруу. Эки күндүк рейддин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери жана экотехинспекциясынын өкүлдөрү тарабынан, аталган тилкеде эле узундугу 15 километрге жакын түзгөн браконьердик торлор табылып, тазаланган.
Көлдү браконьердик торлордон тазалоо иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735