7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баракелде! Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет Дүйнө чемпиону болду

800

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды.

Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрынан 24-сентябрына чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Шаршенбеков 60 кг чейинки салмак ченинде 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты.

Аталган беттеште Шаршенбеков литвалык, грузиялык, ирандык, өзбекстандык балбандарды жеңип, финалга чыккан.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны япониялык спортчу Кеничиро Фумита менен кез келип, аны 11:6 эсебинде артта калтырып, жеңишти илип кетти. Жоламан Шаршенбеков буга чейин Дүйнөнүн бир жолку чемпиону болгон. Ал 2022-жылдын сентябрында Сербияда Дүйнө чемпиону аталган.

Белгилей кетсек, быйыл аталган чемпионатта 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Ошентип, Шаршенбеков Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды.

Белгилей кетсек, буга чейин балбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынып, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан. Ал эми Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утуп, ал дагы Олимпиадага лицензия уткан. Ошондой эле балбан Акжол Махмудов дагы чемпионатта алтын медаль багындырып, Олимпиадага дагы бир жолдомону камсыздады. Мындан тышкары, суучул Денис Петрашов Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында дагы бир лицензия алып келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

801