7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокуратура Абировду айыпка тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сурады

585

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизди.

Башкы прокуратурага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кылмыш иштин ичинен Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн.

Ага ылайык, 12-март күнү саат 01:46 чамасында чакыруу боюнча кызматтык милдетин аткаруу үчүн “Золотой Дракон” ресторанына келген коргоо агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлери А.Д. жана А.А уулу жана Жогорку Кеңештин депутаты Абиров баш болгон болжол менен 7-8 мас абалындагы адамдар, аларды эч бир себепсиз ур-токмокко алып, сабашып, ден-соолугуна зыян келтиришкен.

Учурда кылмыш иши боюнча эки жаран кармалды.

«Мыйзамдын талаптарына ылайык Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иши козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынууда. Ошондуктан, Жаныбек Абировго карата Кылмыш жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуштама киргизилди» — деп белгиленет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586