7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«117 миллион сом зыян келтирген». Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалды

663

Башкы прокуратурасы тарабынан алдамчылык аракеттери боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу аталган прокуратурадан билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2009-жылы Д.Н.Э. жана Ш.К.А. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, жалпысынан 117 миллион сомго ири өлчөмдөгү ун сатып алышкандыгы аныкталган.

«Бирок бул адамдар келишим түзүлгөн күндөн тартып өз милдеттерин аткаруудан качуу максатын көздөп, 12 жыл ичинде сот органдарына негизсиз арыздар менен кайрылып келишкен. Жыйынтыгында, мамлекетке жалпысынан 117 миллион сом зыян келтирилген. Мындан тышкары, алар жарандын ишенимине кирип, ага күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү 15 миллион 705 миң сомго сатып, аталган жаранга ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкен. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Ш.К.А. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Д.Н.Э. аттуу жаранга карата эл аралык издөө жарыяланды.  Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Соода-өнөр жай палатасынын сайтында Шатманов Канатбек Асылбекович вице-президент экени көрсөтүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664