7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокуратура өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган жаран тууралуу маалымат берди

258

Күн мурун Башкы прокуратуранын имаратынын алдында М.Э.А. аттуу жаран сот жана прокуратура органдарына нараазычылыгын билдирип, жанына ала келген күйүүчү майды чачып, өзүн өрттөөгө аракет кылган.

Аталган жаранга медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Бул окуя боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул жарандын дооматтары тууралуу белгилей кетсек, Октябрь РИИБи тарабынан А.у.М. аттуу жаран алдоо жолу менен жабырлануучу М.Э.А.га таандык баасы 63 миң доллар турган автоунаасын сатып жиберип, акчасын кымырып алган фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. А.у.М. камакка алынып, кылмыш иш 2024-жылдын 4-декабрында соттун кароосуна жиберилген.

Бирок, Октябрь райондук сотунун судьясы айыпкерди сотто катышкан прокурор тарабынан камакта калтырууну сурагандыгына карабастан, аны камактан бошоткон. Прокуратура тарабынан соттук кароодо айыпкерди кайрадан камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирилет.

Мындан тышкары, Бишкек ШИИББында А.Т. жана А.К. аттуу жарандар камакта турган Бишкек шаарынын Осипенко көчөсүндөгү үйдү М.Э.А.га жана И.А.га 500 миң долларга алдоо жолу менен саткан фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө.

Жогоруда белгиленген жагдайлар Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө.

259