7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Башы жарылган, кийими кан…» Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арачысын сабап салышкан

580

Тажикстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкерин сабап салышкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдириштии. 

19-мартта Лейлек чек ара отрядынын аскер кызматкери Баткен облусунун Лейлек районунун Сада тилкесинде кызмат өтөп жүрүп, чек ара сызыгына жакын жерден белгисиз унааны байкашкан. Унааны кармоого аракет кылып, Чек ара аскерлери Тажикстандын чек арачылары кызмат өтөгөн жерге өтүшкөн. Тажик чек арачылары кыргызстандык чек арачыны кармашкан. Лейлек тилкесинде Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү менен Ганчы тилкесинде Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда дароо сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында чек ара кызматкери кыргыз тарапка өткөрүлгөн. Аскер кызматкерин кароо учурунда анын башы жарылган, кийими кан абалда болгон. Анын айтымында, тажик чек арачылары менен анын ортосунда жаңжал чыккан. Учурда аскер кызматкеринин ден соолугунун абалы туруктуу деп бааланууда, ал стационардык дарыланууда. Бул факты боюнча УКМКнын Чек ара кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581